Шаардын экологиясы – сенин колуңда!

Шаардын экологиясы – сенин колуңда!

Өзүнүн 11 жылдыгына карата "Керемет Банк" «Tazar» мобилдик тиркемесинин пайдалануучуларынын энтузиазмын колдоого алуу максатында  - “Шаардын экологиясы – сенин колуңда!” акциясын өткөрүүдө. Биз, өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу үчүн өткөрүлүп жаткан иш-чараларды абдан маанилүү деп эсептейбиз жана курчап ттурган чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорду ар дайым колдоого ачыкпыз ♻️

 

Акциянын жүрүшүнө катышкан «Tazar» мобилдик тиркемесинин пайдалануучуларына оңтойлуу балансы менен төлөм карттарын чыгарууга 34 сертификат сунуш кылабыз жана экобаштыктарды белекке беребиз! 🎉 

 

📅 Акцияны өткөрүү мезгил аралыгы: 2021-жылдын 1-декабрынан тартып 2022-жылдын 1- апрелине чейин.

 

🌏 Акция өткөрүлүүчү аймак: Бишкек шаары.

Акцияга ишке жөндөмдүү жеке адамдар – 18 жашка толгон, Бишкек шаарынын аймагында жашаган, «Tazar» мобилдик тиркемесин колдонушкан Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат (Банктын жана Өнөктөштүн жумушчуларын, алар менен аффилирленген жактарды эске албаганда) (мындан ары – Акциянын катышуучулары)

 

📝 Акцияга катышуу шарттары:

1.  «Tazar» мобилдик тиркемесинде упай топтогула

2.   Топтолгон упайларды "Керемет Банк" ААКнан байгеге алмаштырыңыз.

 

Упайларды байгелерге алмаштыруунун шарттары:

💰 10 упай  = жеңилдик берилген шарттарда оңтойлуу 1000 сомдук балансы менен Элкарт төлөм картын чыгарууга 1 сертификат (акысыз тейлөө, сактык аманаты = 0 сом) + 1 экобаштык. Баардыгы болуп 11 сертификат жана 11 экобаштык.

💰 20 упай  = жеңилдик берилген шарттарда оңтойлуу 1000 сомдук балансы менен UnionPay Gold төлөм картын чыгарууга 1 сертификат (акысыз тейлөө, сактык аманаты = 0 сом) + 1 экобаштык. Баардыгы болуп 11 сертификат жана 11 экобаштык.

💰 30 упай = жеңилдик берилген шарттарда оңтойлуу 1000 сомдук балансы менен Visa Gold төлөм картын чыгарууга 1 сертификат (акысыз тейлөө, сактык аманаты = 0 сом) + 1 экобаштык. Баардыгы болуп 11 сертификат жана 11 экобаштык.

Акциянын жүрүшү мезгил аралыгында төлөм карттарына алмаштыруу үчүн жетиштүү санда «Tazar» мобилдик тиркемесинен алгачкылардан болуп упай топтогон катышуучулар акциянын жеңүүчүлөрү болуп таанылат.

 

❗ Упайларды алмаштыруу үчүн белгиленген дарекке паспорт менен келип, төлөм карттарын чыгаруу боюнча "Керемет Банк" ААКнын ички ченемдик документтеринин талаптарына ылайык идентификациялоо жүрүмүнөн өтүү жана QR-кодду сканерлеп алуу зарыл болот.

Эрежелер менен кененирээк банктын: www.keremetbank.kg дарегиндеги сайытынан тааныша аласыздар.

Так же будет интересно
Вышла наша эко-сказка «Сверкающая гора» Вышла наша эко-сказка «Сверкающая гора»

Вышла наша эко-сказка «Сверкающая гора»

Tazar и БиШСИ (Бишкекская Школа Современного …

Что делать, если заявку оставляли, но сборщик Tazar не приехал Что делать, если заявку оставляли, но сборщик Tazar не приехал

Что делать, если заявку оставляли, но сборщик Tazar не приехал

В приложении Tazar жители Бишкека могут …