09.05.24 Читать 10 минут

Баткенде синтепон чыгаруучу цех жана таштанды кабыл алуучу жай «ТРЭШ 6» фестивалынын алкагында ачылды

Баткенде пластикти кайра иштетүүчү «Баткен Таза Аймак» ишканасында синтепон чыгарылып башталды. Бул Кыргызстан боюнча пластиктен технологиялык синтепон чыгарган жалгыз иштеген цех. Эми кайра иштетилген пластик жакшыраак баада сатылат. Ишкана күнүнө 50-300 кг пластмассаны кайра иштетет.

 

«Келечекте бул демилге бир гана Баткен шаарын эмес, бүтүндөй Баткен облусунан алып келинген таштандыны иштетиши зарыл», — деп эсептейт иш чаранын уюштуруучулары.

 

 

Ошондой эле шаардын ичинде «ЭкоБаткен» кайра иштетүлүүчү материалдарды кабыл алуу пункту ачылды. Баткен тургундары пластик, кагаз, картон жана алюминий тапшырганы үчүн акчалай компенсация, же үй жана кеңсе буюмдарды ала алышат.

 

 

Кабыл алуучу жайдын жана кайра иштетүүчү цехтин ачылышы «ТРЭШ 6: Баткен Таштандысыз» экологиялык арт-фестивалы«нын алкагында 26-апрелде Баткен шаарында өттү. Ошондой эле фестивалдын программасында Алтын Капалованын мектеп окуучуларынын таштанды тоосу менен күрөшү тууралуу «Жаркыраган тоо» жомогу боюнча коюлган көргөзмөнү жана спектаклды 300-дөн ашык окуучу көрдү. Фестиваль жана спектакль түзүү идеясы Аймерим Турсалиева менен Бермет Бөрүбаевага таандык. Мындай иш-чаралар аркылуу алар Кыргызстандын экологиялык маданиятын жогорулатууга жана таштанды төгүүчү жайлардын көйгөйүн чечүүгө салым кошууда.

 

 

Идея жана чыгарылышы — Аймээрим Турсалиева и Бермет Борубаева

Жомок: Алтын Капалова

Сүрөттөр — Чолпон Аламанова

Дизайн: Диана Ухина

Анимация — Жанышбек Ботой (Art Jashoo Мультимедиа театры)

Спектаклдин коюучулары: А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры

Актерлор:

Аликулова Гульмира — Ала Куш

Мажит уулу Давлет — Алтын

Дарибаев Максат — Калыс

Тиллабаева Нурила — Балык

Саматова Эльнура — Бема

Анарбаева Жылдыз — Жер Эне

Режиссер: Эрик кызы Чолпон

Художник: Айдай Мусабекова (Art Jashoo Мультимедиа театры)

Музыкалаштырган: Дарибай уулу Мухамедали

 

Уюштуруучулар: Бишкек заманбап искусство мектеби (БиШСИ) (Бермет Борубаева), Тазар (Аймээрим Турсалиева), ЭкоБаткен (Рахат Жороева), Баткен Таза Аймак (Кайрат Абдипаттаев)

PR-тобу: Нуржан Чунуева, Ирина Агафонова

Дизайн: Айжан Чунуева

Өнөктөштөр: Баткен шаардык мэриясы, МИ «Баткен Тазалык», Жайнакова А. атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры, Art Jashoo Мультимедиа театры

Долбоор ГЭФ, БУУӨП, Глобалдык Экологиялык Фондунун Чакан Гранттар Программасынын колдоосу менен иш жүзүнө ашырылды.

Возможно будет интересно

Панно из крышек проекта «Кадам» в …

01.08.24 Читать 10 минут

Новое панно из крышек проекта «Кадам» уже в Караколе. На …

Вышла наша эко-сказка «Сверкающая гора»

30.07.24 Читать 10 минут

Tazar и БиШСИ (Бишкекская Школа Современного искусства) выпустили книгу: детскую экологическую …

Панно из крышек: история Улана Джапарова

09.06.24 Читать 10 минут

Панно из крышек от проекта «Кадам» посвящены нашим современникам, жителям Кыргызстана. Герои …

Все блоги